№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
13 марта 2024
2024-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү катталды.
№ 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Салихов Кеңеш Каримовичтин ыйгарым укуктуу ѳкүлүн каттоо жѳнүндѳ 2024-жылдын 11-мартындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды:
1. № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн Салихов Кеңеш Каримовичтин шайлоо боюнча Гайыпов Дөөлатбек Камалидинович ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилсин.
КР БШК маалымат бѳлүмү