БШК КР ЖК депутаты А.Ж.Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
13 марта 2024
2024-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өткөн жыйналышында №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунун депутаты Осмонов Айбек Жапаровичден келип түшкөн өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 6-бөлүгүнө, 59-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык,КР БШК КР ЖК депутаты Айбек Жапарович Осмоновдун ыйгарым укуктарын токтотту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Осмоновдун күбөлүгү жараксыз деп таанылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
