Аялдардын эл аралык күнүнүн урматына Quiz викторинасы
07 марта 2024
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Эл аралык шайлоо системалары фонду (IFES) менен биргеликте Аялдардын эл аралык күнүнө карата жаштар арасында интеллектуалдык Quiz-оюнун өткөрдү.
Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 8-мартта белгиленүүчү Эл аралык аялдар күнү аялдардын укук жана социалдык теңчилик үчүн күрөшүндө тилектештиктин жана колдоо кѳрсѳтүүнүн күнү болуп саналат. Ушунун алкагында бул иш-чара интеллектуалдык викторина үчүн гана мүмкүнчүлүк болбостон, коомдун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоо жана теңчилдик жана адилеттүүлүк идеяларын жайылтуу аянтчасы болуп калды.
Иш-чарада КР БШКнын төрагасы Нуржан Кармабековна Шайлдабекова жана IFESтин директору Кетеван Майсурадзе куттуктоо сөз сүйлѳштү. Алар аялдардын шайлоого жана өлкөнүн саясий турмушуна жигердүү катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилешип, ошондой эле бардык катышуучуларга шайлоо жана демократия жөнүндөгү билимди жайылтууга кошкон салымы жана кызыгуулары үчүн ыраазычылык билдиришти.
QUIZ викторинасына 10 команда: Легендарлуу парламент, Change Makers, Акыл Карачач, Дебатчылар, Caster, Холестазниктер, Альянс, Мүрѳк, Жаңылмырза, Курманжан Датка катышты.
Оюндун жүрүшүндө тең укуктуулуктун ар кандай аспектилери, аялдардын укуктары, ошондой эле жалпы билим, логика боюнча суроолор берилди. Оюндун жыйынтыгында үч жеңүүчү команда аныкталып, баалуу сыйлыктарга ээ болушту.
Биринчи орун – «Change Makers» (Өзгөрүүлөр), команданын капитаны Толгонай Элеманова,
Экинчи орун – “Дебатчылар”, команданын капитаны Айпери Болотжан,
Үчүнчү орун – “Легендарлуу парламент”, команданын капитаны Элина Асекова ээлешти.
Жарандык билим берүү борбору бардык катышуучуларга жигердүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирет жана бул иш-чара шайлоо процессине болгон кызыгууну жана өлкөнүн саясий турмушуна аялдарды тартууну мындан ары жогорулатууга жардам берет деп ишенет.

























