Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо башталды.
06 марта 2024
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын өкүлдөрү!
- БШК 2024-жылдын 28-апрелине дайынджалган №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоодон ѳтүүгѳ тьапшырыктарды кабыл алууну баштады.
Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыздоо жарандарды маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүт иштерин ѳзүнѳ камтыйт жана жарандардын ѳз эркин аң-сезимдүү жана эркин билдирүүсүнө жана шайлоонун ачык-айкындуулугуна көмөк көрсөтүүгө багытталган. Үгүт процессине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан өтүшү зарыл.
БШК «№2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» КР Президентинин Жарлыгы 2024-жылдын 4-мартында жарыяланганын эске салат.
Шайлоо өнөктүгүнө катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 2024-жылдын 16-мартын кошуп алганга чейин белгиленген мөөнөттө БШКга төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
- шайлоо алдындагы үгүткѳ катышуу даяр экендиги жөнүндө билдирүү, анда жетекчинин аты-жөнүн, жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын координаттарын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү зарыл;
- жалпыга маалымдоо каражатынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин (интернет-басылмалар үчүн) салык органдарында каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн (патенттин) көчүрмөсүн;
- маалымат жана массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсүн;
- уставдын көчүрмөсүн (бар болсо);
- эфир убактысын, басма аянтын же интернет-басылмага жарыялоо укугун бергендиги үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматты.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма ошондой эле арызда камтылган жогоруда көрсөтүлгөн документтерди КР БШКнын маалымат бөлүмүнүн pr.shailoo@gmail.com электрондук дарегине электрондук түрдө жөнөтөт.
КР БШК маалымат бөлүмү