БШК Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча округдук шайлоо комиссияларынын курамын бекитти

06 марта 2024

2024-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине округдук шайлоо комиссияларынын курамын бекитти.

Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн Кара-Суу ОШКсында - 14, Баткен ОШКсында – 15, бардыгы болуп курамында 29 адамдан турган округдук шайлоо комиссиялары түзүлдү.
 

Маалымат иретинде: Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир шайлоо округу боюнча 12ден кем эмес мүчөдөн турган округдук шайлоо комиссиясын төмөнкүдөй тартипте түзөт:

- эгерде бир шаардын же райондун (АШК) аймагында бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ушул аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;

- эгерде бир шаардын же райондун (АШК) аймагында эки же андан көп шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиялары аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ушул аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;

- эгерде бир шайлоо округу эки же андан көп шаарлардын же райондордун (АШК) аймагында түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы ушул аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт.

Зарыл болгон учурда округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны округдук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан иш процессинде өзгөртүлүшү мүмкүн.

Округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын биринчи жыйналышы өткөрүлгөн күндөн тартып башталат жана жогоруда аталган эки округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен токтотулат.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү