БШК КР ЖК депутаты Н.А. Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

22 февраля 2024

2024-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өткөн жыйналышында №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурлан Аскаралиевич Ражабалиевдин келип түшкөн өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 59-беренесинин 7-бөлүгүнө, 65-беренесинин 6-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, КР БШК КР ЖК депутаты Н.А. Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А. Ражабалиевдин күбөлүгү жараксыз деп таанылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү