Бактыбаев Абдувахид Улукбекович Баткен облусунун Кадамжай районунун жаңыдан түзүлгөн Орозбеков айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

21 февраля 2024

2024-жылдын 21-февралында Баткен облусунун Кадамжай районунун жаңыдан түзүлгөн Орозбеков айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 25342 адам жашаган Орозбеков айыл аймагы Орозбеков  жана Котормо  айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Орозбеков айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 42 депутатты түздү: Орозбеков  кеңешинин  21 депутаты жана  Котормо  кеңешинин 21 депутаты.

Орозбеков  айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутаты  Орозова Суксур  ачып, төрагалык кылды.

Орозбеков жана Котормо айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен  Ибрагимов Омурбек Ибрагимович жана  Бактыбаев Абдувахид Улукбековичтин  ортосунда шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен  Орозбеков  айыл аймагынын 37 депутаты  катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен  19 добуш алып, Бактыбаев Абдувахид Улукбекович бириккен Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү