Машрапов Салижан Пазылович Ош облусунун Кара-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Ала-Тоо айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
21 февраля 2024
2024-жылдын 21-февралында саат 15:00дө Ош облусунун Кара-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Ала-Тоо айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 48834 адам жашаган Ала-Тоо айыл аймагы Ак-Таш жана Кашкар-Кыштак айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 52 депутатты түздү: Ак-Таш айылдык кеңешинин 21 депутаты жана Кашкар-Кыштак айылдыккеңешинин 31 депутаты.
Ала-Тоо айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Исмаилов Алижан Юсупжанович депутат ачып, төрагалык кылды.
Ак-Таш жана Кашкар-Кыштак айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Машрапов Салижан Пазылович жана Нурдинов Зиёйидин Гуламидиновичтин ортосунда шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Ала-Тоо айыл аймагынын 49 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 30 добуш Машрапов Салижан Пазылович алып, Ала-Тоо бириккен Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү