Джолдошбеков Эрик Бейшенбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жаңыдан түзүлгөн Сын-Таш айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
21 февраля 2024
2024-жылдын 21-февралында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жаңыдан түзүлгөн Сын-Таш айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 13169 адам жашаган Сын-Таш айыл аймагы Сын-Таш жана Юрьевка айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Сын-Таш айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 32 депутатты түздү : Сын-Таш кеңешинин 21 депутаты жана Юрьевка кеңешинин 11 депутаты.
Сын-Таш айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат ачып, Дадаев Ильяс Биналиевич төрагалык кылды.
Сын-Таш жана Юрьевка айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Джолдошбеков Эрик Бейшенбекович и Толбашиев Канайбек Асанович шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Сын-Таш айыл аймагынын 24 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 24 добуш алып, Джолдошбеков Эрик Бейшенбекович бириккен Сын-Таш айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү



