Алыбаев Жалынбек Самарбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жаңыдан түзүлгөн Ак-Жол айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
21 февраля 2024
2024-жылдын 21-февралында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жаңыдан түзүлгөн Ак-Жол айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 15177 адам жашаган Ак-Жол айыл аймагы Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Ак-Жол айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 39 депутатты түздү: Ак-Жол айылдык кеңешинин 21 депутаты жана Жаңы-Жол айылдык кеңешинин 18 депутаты.
Ак-Жол айылаймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутаты Токтогулова Уултай ачып, төрагалык кылды.
Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Алыбаев Жалынбек Самарбекович жана Бейшеналиев Камбар Көкүнбаевич катышуусунда шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Ак-Жол айыл аймагынын 38 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 38 добуш алып, Алыбаев Жалынбек Самарбекович бириккен айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү