Култаев Мирбек Оморбекович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун бириккен Д.Садырбаев айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

21 февраля 2024

2024-жылдын 21-февралында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун бириккен Д.Садырбаев айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 48115 адам жашаган Д.Садырбаев айыл аймагы Шайдан, Масы жана Арал айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Д.Садырбаев айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 73 депутатты түздү: Шайдан айылдык кеңешинин 21 депутаты, Масы айылдык кеңешинин 31 жана Арал айылдык кенешинин 21 депутаты.

Д.Садырбаев айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Мамитов Адылжан Ураимович депутат ачып, төрагалык кылды.

Шайдан, Арал айыл кенештеринин төрагалары талапкерлигин көрсөтүүдөн баш тартып, Масы айылдык Кенешинин төрагасы Култаев Мирбек Оморбековичтин талапкерлиги боюнча шайлоо болуп өттү.

 Сессияга бириккен Д.Садырбаев айыл аймагынын 61 депутаттары катталып, 61 депутат добуш берүүгө катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен бир добуштан (61 добуш), Култаев Мирбек Оморбекович бириккен Д.Садырбаев айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн 31160 бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү