Камчибеков Колдош Абдулатович Ош облусунун Өзгөн районунун жаңыдан түзүлгөн Жазы айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
21 февраля 2024
2024-жылдын 21-февралында Ош облусунун Өзгөн районунун жаңыдан түзүлгөн Жазы айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 36187 адам жашаган Жазы айыл аймагы Жазы жана Зергер (Кызыл-Тоо, Доңуз-Тоо, Ак-Кыя айылдары) айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Жазы айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 56 депутатты түздү: Жазы кеңешинин 21 депутаты, Зергер кеңешинин 21 депутаты жана Кызыл-Тоо-Доңуз-Тоо, Ак-Кыя округдарынан 14 депутаты.
Жазы айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Калматов Тажидин Чегирович депутат ачып, төрагалык кылды.
Жазы жана Зергер айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Камчибеков Колдош Абдулатович жана Келдибаев Бактыбек Шайдлаевич (баш тартты) шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Жазы айыл аймагынын 46 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 46 добуш алып, бириккен Жазы айылдык кеңешинин төрагасы болуп Камчибеков Колдош Абдулатович шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү