Ажибаев Акимбек Муктарович Ош облусунун Ноокат районунун жаңыдан түзүлгөн Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
20 февраля 2024
2024-жылдын 20-февралында Ош облусунун Ноокат районунун жаңыдан түзүлгөн Кулатов айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 31904 адам жашаган Кулатов айыл аймагы Кулатов жана Ынтымак айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Кулатов айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 52 депутатты түздү: Кулатов кеңешинин 31 депутаты, жана Ынтымак кеңешинин 21депутаты.
Кулатов айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат Торобеков Рустам ачып, төрагалык кылды.
Ынтымак айыл аймагынын учурдагы төрагасы Исамов Равшанбек Артыкович өз каалоосу менен талапкерликтен баштартуу жөнүндө арыз бергендиктен Кулатов айыл аймагынын учурдагы төрагасы Ажибаев Акимбек Муктарович боюнча шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Кулатов айыл аймагынын 47 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 47 добуш алып, Ажибаев Акимбек Муктарович бириккен Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү



