Исаев Бакытбек Талантбекович Чүй облусунун Чүй районунун жаңыдан түзүлгөн Султан Ибраимов айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
20 февраля 2024
2024-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Чүй районунун жаңыдан түзүлгөн Султан Ибраимов айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 10423 адам жашаган Султан Ибраимов айыл аймагы Кегети жана Ибраимов айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Султан Ибраимов айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 32 депутатты түздү: Кегети кеңешинин 21 депутаты жана С. Ибраимов кеңешинин 11 депутаты.
Султан Ибраимов айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Джокаев Каныбек Сейтеевич депутат ачып, төрагалык кылды.
Кегети айыл аймагынын учурдагы төрагасы Исаев Бакытбек Талантбековичти торагалыка шайлоо болуп өттү. Ибраимов айлыл аймагынын торагасы Насыпбек уулу Эсенбек оз арызы менен шайлоого катышуудан баш тартты.
Сессияга бириккен Султан Ибраимов айыл аймагынын 27 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 27 добуш алып, Исаев Бакытбек Талантбекович бириккен Султан Ибраимов айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды .
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү



