Шамыров Жайыл Рахымович  Чүй облусунун Жайыл районунун жаңыдан түзүлгөн Сары-Коо айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

 

2024-жылдын 20-февралы Жайыл районунун жаңыдан түзүлгөн Сары-Коо айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 9430 адам жашаган  Сары-Коо айыл аймагы Сары-Коо, Кара-Суу, Степь айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Сары-Коо айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 33 депутатты түздү: Сары-Коо айылдык кеңешинин -11депутаты, Кара-Суу айылдык кеңешинин -11депутаты, Степь айылдык кеңешинин -11 депутаты.

Сары-Коо айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутаты Исмаилов Муратбек Джанчарович  ачып, төрагалык кылды.

Сары-Коо, Степь жана Кара-Суу  айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Шамыров Жайыл Ракымович, Молдобеков Элизар Эсенбекович, Полуляшная Марина Сергеевна  шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Сары-Коо айыл аймагынын 27 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Шамыров Жайыл Ракымович 19 добуш алып, Сары-Коо, Кара-Суу, Степь  бириккен Сары-Коо айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү