Букаров Эрмек Асылбекович Чүй облусунун Панфилов районунун жаңыдан түзүлгөн Күрпүлдөк айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

 

2024-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Панфилов районунун жаңыдан түзүлгөн  Күрпүлдөк айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 7793 адам жашаган Күрпүлдөк айыл аймагы Күрпүлдөк жана Чалдыбар айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Күрпүлдөк айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 22 депутатты түздү: Күрпүлдөк кеңешинин 11 депутаты жана Чалдыбар кеңешинин 11 депутаты.

Күрпүлдөк айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Каргов Павел Семенович депутат ачып, төрагалык кылды.

Күрпүлдөк жана Чалдыбар айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Букаров Эрмек Асылбекович жана Каргов Павел Семенович шайлоо болуп өттү.

 Сессияга бириккен Күрпүлдөк айыл аймагынын 17 депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 17 добуш алып, Букаров Эрмек Асылбекович  бириккен Күрпүлдөк айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү