Бектемиров Таалайбек Эрмекович Чүй облусунун Сокулук районунун жаңыдан түзүлгөн Сары-Өзөн айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
20 февраля 2024
2024-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Сокулук районунун жаңыдан түзүлгөн Сары-Өзөн айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 18350 адам жашаган Сары-Өзөн айыл аймагы Асылбаш, Төш-Булак жана Крупская атындагы айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Сары-Өзөн айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 43 депутатты түздү: Крупская атындагы айылдык кеңешинин 21 депутаты, Асылбаш кеңешинин 11 депутаты жана Төш-Булак кеңешинин 11 депутаты.
Сары-Өзөн айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Мураталиева Роза депутат ачып, төрагалык кылды.
Асылбаш, Төш-Булак жана Крупская атындагы йыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Айбашев У.К., Джолдошев Ш.О. и Бектемиров Т.Э. ортосунда шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Сары-Өзөн айыл аймагынын 34 депутаты катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 34 добуш алып (бир добуш менен), Бектемиров Таалайбек Эрмекович бириккен Сары-Өзөн айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү