Асанов Каныбек Замирбекович Чүй облусунун Жайыл районунун жаңыдан түзүлгөн Ынтымак айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

2024-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Жайыл районунун жаңыдан түзүлгөн Ынтымак айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 10379 адам жашаган Ынтымак айыл аймагы Полтавка жана Кызыл-Дыйкан айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Ынтымак айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 32 депутатты түздү: Полтавка кеңешинин 21 депутаты жана Кызыл-Дыйкан кеңешинин 11 депутаты.

Ынтымак айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Алымбекова Калипа Ашимовна депутат ачып, төрагалык кылды.

Полтавка жана Кызыл-Дыйкан айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын Асанов Каныбек Замирбекович жана Дженишбеков Тилек Дженишбекович ичинен шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Ынтымак айыл аймагынын 28 депутаты катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 20 добуш алып, Асанов Каныбек Замирбекович бириккен Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

         Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

КР БШК маалымат бөлүмү