КР БШКнын 2024-жылы 29-январында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

28 января 2024

Өткөрүү датасы: 2024-ж. 29-январы

Убактысы: 11-00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы


 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жайыл, Кемин, Ысык-Ата, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Ала-Бука, Токтогул, Баткен шаардык, Лейлек, Баткен, Каракол, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-2027-жылдарга Стратегиялык планынын долбоору жөнүндө

(баяндамачы – М. Б. Сарымсаков, КР БШКнын аппарат жетекчиси)

 

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(баяндамачы - А. Ж. Букамбаева, жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору)

 

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча милдеттери жөнүндө

(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

  1. Ар кандай маселелер