БШК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
29 декабря 2023
2023-жылдын 26-декабрында БШКнын 2023-жылдын 22-мартындагы №5 чечими менен бекитилген мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары - Жумушчу топ) курамына өзгөртүүлөр киргизилди.
Тиешелүү мамлекеттик органдардан келип түшкөн сунуштарга байланыштуу, КР Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бѳлүмүнүн эксперти Ж.А.Орозалиев, КР Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Рыскулова З.А., БШК аппаратынын шайлоо комиссиялары менен ѳз ара аракеттешүү жана методология секторунун системалык администратору Шералиева А.Р. Жумушчу топтун курамынан чыгарылды.
Чыгарылган мүчөлөрдүн ордуна Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилди: КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Табылдиев Ч.Т., Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мединциналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси Атакозуева Г.М., БШК аппаратынын шайлоо комиссиялары менен ѳз ара аракеттешүү жана методология секторунун системалык администратору Жумаева М.Б.