Жаш жарандын мектеби: «Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жана шайлоо процесси»
11 декабря 2023
2023-жылдын 5-декабрында КР БШК Жарандык билим бюерүү жана шайлоо технологиялары борбору «Legal Prosperity» коомдук фонду менен биргеликте жаштар арасында маалымдуулукту жана шайлоо процессин түшүнүүнү жакшыртуу боюнча иштердин алкагында «Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жана шайлоо процесси» темпсында триенинг ѳткѳрдү.
Тренинг Бишкек шаарындагы Ленин районунун жарандык жана санариптик билим берүү борборунун базасында жарандык билим берүүгѳ жана шайлоо процессине катышууга кызыккан студенттер үчүн ѳткѳрүлдү.
Тренинг жаштардын жарадык активдүүлүгүнѳ, алардын шайлоо процессине катышуусун стимулдаштырууга жана шайлоочулардын укуктары жѳнүндѳ маалымдуулукту жогорулатуу процессине багытталган. Тренинг интерактивдүү сессияны жана шайлоону ѳткѳрүүгѳ байланышкан маанилүү маселелерди талкуулоону ѳзүнѳ камыйт.
Катышуучулар үчүн шайлоо процесси тууралуу теориялык билимдерден тышкары шайлоолордун аныктыгын жана ачык-айкындыгын камсыз кылган шайлоо технологияларынын иши жана добуш берүү жол-жоблорун моделдештирүү кѳрсѳтүлдү.
Катышуучулар жеке тажрыйбалары аркылуу шайлоо процессинен кыйла терең түшүнүк алуу менен ѳздѳрү кызыккан суроолорун беришти.
Муну билүү кызык!!!
«Жаштар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы №157 жаңы мыйзамынын кабыл алынышы менен жаштардын курагы 35 жашка чейин жогорулады. Бул мыйзам 2024-жылдын 8-феварында күчүнѳ кирет.
Эми бүткүл республика боюнча шайлоочулардын тизмесиинин түзүмүндѳ (18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы) жаш шайлоочулардын үлүшү 43,57% болот, бул 1 735 417 адамды түзѳт.
Жыл сайын Кыргыз Республикасынын шайлоочулардын тизмесинде 18 жашка толгон 80 миңге жакын жаңы шайлоочу кошулуп жатканынын белгилѳѳ зарыл.
Жаштар шайлоолордун жыйынтыгына таасир этүүчү чоң потенциалга жана чыныгы күчкѳ ээ!
КР БШК Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жаш жарандын мектебине катышуу үчүн жаштарды чакырат, ошондой эле окуу жайларын жана кызыккан тараптарды кызматташууга чакырат.
Суроолор боюнча bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылса болот.