КР БШК делегациясы Астанадагы «Конституциялык реформа жана шайлоо системасы» эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты

08 декабря 2023

БШК тѳрагасы Н.Шайлдабекова, БШК мүчѳсү А. Кубатбеков жана аппарат жетекчиси М.Мамбеталиев башчылык кылган Кыргыз Республикасынын делегациясы Астана шаарында 2023-жылдын 7-8-декбарында Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгына арналган «Конституциялык реформа жана шайлоо системасы» эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.

Конференциянын ишине Армениянын, Грузиянын, Туркиянын жана Ѳзбекстандын шайлоо органдарынын тѳрагалары, Азербайджандын, Беларусиянын, Иорданиянын, Молдованын, Монголиянын, Эстониянын, Ѳзбекстандын жана Россиянын шайлоо органдарынын жетечилери жана мүчѳлѳрү, эл аралык уюмдардын , КР мамлекеттик органдарынын ѳкүлдѳрү, КР парламентинин депутаттары, окумуштуулар, КР БШК эксперттик кеңешинин мүчѳлѳрү катышты.

КР БШК тѳрагасы Нурлан Абдиров куттуктоо сѳз сүйлѳп, Казакстандын калыптануу жана ѳнүгүү мезгилинде мамлекеттик бийликтин легитимдүү институттарын түзүүдѳ КР БШКнын ролун жана комиссиянын андан ары ѳнүгүүсүнүн стратегияллык келечегин белгилѳѳ менен баяндама жасады.

Катышуучулар «Конституциялык реформанын айдыңында шайлоо мыйзамадарынын эволюциясы» жана «Шайлоо системасын ѳнүктүрүүнүн актуалдуу тренди» деген эки тематикалык сессияларда шайлоо процессиндеги ѳздѳрүнүн иш тажрыйбалары тууралуу баяндама жасашты.

КР БШК тѳрагасы Н. Шайлдабекова «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасындагы аныктыктын, ачык-айкындыктын жана инклюзивдүүлүктүн технологиялары» деген темада презентация жасады.

Жаңы модель боюнча шайлоолорду ѳткѳрүү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, акыйкат, ачык, адилеттүү атаандаштыктагы шайлоолорду ѳткѳрүү максатында мамлекет жана коом тарабынан кабыл алынган бир катар аракеттердин натыйжасында ишке ашырылды. 2015-жылдан баштап Кыргыз Республикасындагы бардык шайлоолор жана рефрендумдар жаңы шайлоо моделин колдонуу менен ѳткѳрүлдү.

Шайлоону ѳткѳрүүнүн тандап алынган модели шайлоолордун аныктыгын жана ачык-айкындыгын, ошону менен бирге маалыматтарды алуунун жана добуштарды эсептѳѳнүн ыкчамдыгын камсыз кылды. Ушунун баары шайлоо процессине болгон шайлоочулардын ишенимин жогорулатууга негиз болду.

БШКнын жетекчиси конференциянын катышуучулары менен Кыргыз Республикасында колдонулган электрондук жана аралыктан добуш берүүнү апробациялоо тууралуу ой бѳлүштү. Электрондук жана аралыктан добуш берүүнү киргизүү жаштардын, ички жана тышкы миграцияда жүрүшкѳн жарандардын, майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу максатын кѳздѳдү. Электрондук жана аралыктан добуш берүүнү киргизүүдѳ Эстонияны, Россияны кошуп алганда чет ѳлкѳлѳрдүн тажрыйбалары иликтенди.

Конференциянын соңунда анын катышуучулары Казакстан Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү, Инновация жана эрокосмикалык ѳнѳр жайы министрлигинде болушту, ошондой эле шайлоо тематикасындагы жаңы чыгарылган басылмалар менен таанышты.