Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 18.00гө шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
08 октября 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 18.00 саатка шайлоочулардын келүүсү жѳнүндѳ маалымдайт.
Саруу айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо участкаларында добуш беришкендердин саны 1 206 (19.89%);болгон;
Бишкек шаарындагы шайлоо участкасында аралыктан добуш берүүгѳ катышкан шайлоочулардын саны - 50 (45.45%).
Бүгүн 8-октябрда, эртең менен 8.00 саатта Ысык-Кѳл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо башталганын эсиңерге салабыз.
Шайлоочулар Тизме» - https://tizme.gov.kg/ порталынан, же болбосо 1255 кыска номерине (акысыз), же болбосо паспорттогу жеке идентификациялык номерди – ПИН жана ѳзүнүн шайлоо участкасынын дарегин кѳрсѳтүү менен 119 кыска номерине СМС жѳнѳтүп тактап алса болот.
Аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасында шайлоочуларды идентификациялоо процессинин айкын болушу үчүн видеокѳзѳмѳл орнотулган.
Күн ичинде «dobush.shailoo.gov.kg сайтында добуш берүүнүн жүрүшүнѳ мониторинг жүргүзсѳ болот. Ошондой эле БШК коомдук байкоочуларды БШКнын имаратында электрондук добуш берүүгѳ мониторинг борборунда байкоо жүргүзүүгѳ чакырат.
Бардык суроолорду 1255 телефону боюнча тактаса болот.
Ошондой эле сиздер тѳмѳндѳгү номерлер боюнча консультация ала аласыздар:
+996 312 660240;
+996505 805809 (whatsapp Руслан); +996555 261 292 (whatsapp Асель).