Урматтуу Саруу айыл аймагынын шайлоочулары!

05 октября 2023

КР БШК Бишкек шаарында турушкан, аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген Саруу айыл аймагынын жашоочуларын 2023-жылдын 8-октябрындагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого активдүү катышууга чакырат.

Аралыктан добуш берүүнү ѳткѳрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында: Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50 дареги боюнча аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасы түзүлгѳн.

Сиздерди кѳрсѳтүлгѳн дарек боюнча 2023-жылдын 8-октябрында 8:00 сааттан 20:00 саатка чейин күтѳбүз.

Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмеси менен шайлоочулардын «Тизме» (tizme.gov.kg) порталынан тааныша аласыздар.

Талапкерлер жѳнүндѳ жана алардын шайлоо алдындагы программалары менен «Талапкер» www.talapker.shailoo.gov.kg. сайтынан таанышса болот.

Өзүңүздѳрдүн жарандык позицияңыздарды кѳрсѳтүп, шайлоого келип добуш бериңиздер!

Саруу айылдык кеңешине татыктуу депутаттарды тандаңыздар!