КР БШКнын 2023-жылы 4 - октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

04 октября 2023

  1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы)
 

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад, Ак-Суу, Өзгөн, Жумгал жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы)
 

  1. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Ленин округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы)
 

  1. Ар кандай маселелер