Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү үчүн шайлоо бюллетендери даярдалды

29 сентября 2023

«Учкун» ААКда 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү үчүн шайлоо бюллетендерин даярдоо аяктады.

29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына даярдалган бюллетендерди берүү жол-жобосу болуп ѳттү.

Иш-чарага КР БШК тѳрагасынын орун басары Т.Шайназаров, КР БШК мүчѳлѳрү И.Гайыпкулов жана А. Кубатбеков, «Учкун» ААКнын башкы директорунун орун басары К. Бейшеев, укук коргоо органдарынын кызматкерлери ж.б. катышты.

Бардыгы болуп кыргыз тилинде 6058 бюллетень, Брайль тамгасында 4 бюллетень даярдалган. Андан ары бюллетендер Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына ѳткѳрүлүп берилди. 6-октябрга чейин бюллетендер ар бир шайлоо участкаларына жеткирилет.

Шайлоочулар тууралуу маалыматтар шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталында чагылдырылат, бул жаш курагы жана гендердик абалы боюнча, ошондой эле участкалар боюнча шайлоочулардын тизмеси жѳнүндѳ маалыматты жарандардын эркин жана тоскоолдуксуз алуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Маалымат иретинде:

Саруу айылдык кеңешинде 3 шайлоо окуругу жана 4 шайлоо участкасы түзүлгѳн. Контролдук тизме боюнча шайлоочулардын саны 6052 адамды түзѳт. Саруу айылдык кеңешине депутаттыкка 41 талапкер катталган, кеңеште 21 мандат бар, алардын 9 мандаты аялдар үчүн резервге алынган.

Шайлоону ѳткѳрүүдѳ пилоттук режимде аларыктан добуш берүү апробацияланат.

Аралыктан добуш берүү үчүн КР БШК имаратында: Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50 дареги боюнча аралыктан добуш берүү шайлоо участкасы түзүлгѳн.

Ушул участкада добуш берген күнү, 8-октябрда Бишкек шаарында жүрүшкѳн Саруу айыл аймагынын тургундары добуш бере алышат.

Шайлоонун жыйынтыгы 2023-жылдын 29-октябрына чейин чыгарылат.