КР БШК Манас АШКнын тѳрагасы Даярбол Кермалиевдин дүйнѳдѳн кайткандыгына байланыштуу жакындарына кѳңүл айтат

29 сентября 2023

Талас облусундагы Манас аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Кермалиев Даярбол Азырболович 68 жаш курагында каза болду.

 

https://proxy.imgsmail.ru/?e=1696249778&email=kk-1949%40mail.ru&flags=0&h=s-zl34AzIUrxFUiOuT4AxA&is_https=1&url173=c2hhaWxvby5nb3Yua2cvbWVkaWEvZGFzdGFuLzIwMjMvMDkvMjkvMDEyMF9KWjkxUFVqLmpwZw~~

Кермалиев Даярбол Азырболович Манас районундагы Данбагар айылында 1955-жылы туулган. 1973-1975-жылдары СССР СА катарында кызмат ѳтѳгѳн. Өзүнүн эмгек жолун 1975-жылы Манас районунундагы Талас айылында айдоочу болуп эмгектенүү менен баштаган.

1976-1979-жылдары Фрунзедеги автожол техникумунда окуган. 1979-1982-жылдары СПТУ-17де мастер-окутуучу болуп эмгектенген. 1982-1987-жылдары Манас Трестайылкурулуш ПМКсында башкы механик, 1987-1992-жылдары Манас окуу-ѳндүрүш комбинатында мастер-окутуучу болуп иштеген.

1992-2020-жылдары «Адил Тур» агротехсервистин жетекчиси болгон.

2011-жылдын июлунан баштап ѳмүрү ѳткѳнгѳ чейин Манас АШКнын тѳрагасы болуп эмгектенип келген.

Үзүрлүү жана кынтыксыз эмгеги үчүн Д.А. Кермалиев тѳмѳндѳгү сыйлыктарга татыктцц болгон:

- ВЛКСМ Нарын обкомунун ардак грамотасы (1977-ж.);

- Манас Трестайылкурулуш ПМКсынын ардак грамотасы (1985-ж.);

- Манас районунун билим берүү бѳлүмүнүн ардак грамотасы (1988-ж.);

- КР БШК ардак грамотасы (2017-ж.).

Кермалиев Даярбол Азырболович үй бүлѳнүн күйүмдүү тиреги, камкор жубай жана 5 баланын атасы болчу. Иштеген ишине ак ниет жана жоопкер мамиле жасай билчү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилиги жана мүчѳлѳрү, КР БШКнын аппарат кызматкерлери Талас облусундагы Манас аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Кермалиев Даярбол Азырболовичтин мезгилсиз дүйнѳдѳн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кѳңүл айтып, орду толгус жоготуу кайгысын тең бѳлүшѳт.