БШК Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо бюллетендеринин эки түрүн бекитти
24 сентября 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-сентябрда 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинин жана аралыктан добуш берүү үчүн электрондук шайлоо бюллетенинин түрлѳрүн бекитти.
КР БШКнын 2023-жылдын 8-сентябрындагы токтому менен Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо пилоттук режимде аралыктан добуш берүү формасын жана шайлоо участкаларында шайлоочуларды идентификациялоонун мультифункционалдык жабдуусун апробациялоо тууралуу чечим кабыл алган.
Саруу айыл аймагында алдын ала тизмеге ылайык шайлоочулардын саны 6039 адамды түзѳт. Саруу айыл аймагы ѳзүнѳ 3 шайлоо округун жана 4 шайлоо участкаларын камтыйт.
Ошондой эле Бишкек шаарында жашаган же шайлоо күнү Бишкек шаарында жүрүшкѳн Саруу айыл аймагынын тургундары шайлоо күнү аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болушат. Аралыктан добуш берүү үчүн КР БШК имаратында:Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50 дареги боюнча аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасы түзүлгѳн.
Ушуга байланыштуу шайлоо бюллетендеринин эки түрү бекитилген:
- Саруу айылында шайлоо участкаларында добуш берүү үчүн шайлоо бюллетени;
- аралыктан, башкача айтканда Бишкек шаарында добуш берүү үчүн электрондук добуш берүү бюллетени.
Саруу айылдык кеңешинин тургундары шайлоо участкаларында идентификациялоонун ѳркүндѳтүлгѳн жабдууларында биометрикалык идентификациядан ѳтүшѳт жана добуш берүү үчүн электрондук такта аркылуу добуш беришет.