КР БШКнын 2023-жылы 24 - сентябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
23 сентября 2023
Өткөрүү датасы: 2023-ж. 24-сентябры
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы)
2. 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сүлүктү, Баткен, Кемин жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы)
4. Ар кандай маселелер