ЫЧКТ Ленин округундагы шайлоонун жүрүшүнѳ мониторингди улантууда
09 сентября 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам кѳрүү координациялык тобу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жүрүшүнѳ мониторингди улантууда.
9-сентябрда үгүт жүргүзүү токтогон күнү ишти жана ЫЧКТ алкагында ѳз ара аракеттерди жалпы координациялоону Бишкек шаарынын Ленин районун прокурорунун орун басары Р.Абдрахман, КР ИИМ тергѳѳ кызматынын бѳлүм башчысы С.Макилов, КР ИИМ 10 кызматынын кызматкери А.Аданов,КР ИИМ Башкы штабынын бѳлүм башчысы Н.Тюлекова, ИИМ Башкы штабынын кызматкери Н.Фурманова, КР ИИМ коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын кызматкери З.Бектеналиев жана башкалар камсыз кылышты.
2023-жылдын 9-сентябрындагы абал боюнча КР БШКга шайлоо ѳнѳктүгү башталгандан бери 14 арыз жана билдирүү келип түшкѳн, алардын ичнен:
- БШКнын ыкчамчара кѳрүү координациялык тобуна - 8;
– БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт эрежелери маселеси боюнча жумушчу топко- 6.
Ленин округундагы абал ЫЧКТнын дыкат кѳзѳмѳлүндѳ болууда: келип түшкѳн бардык билдирүүлѳр БШКнын даттануулар жана бузуулар Реестрине катталат, талдоого алынат жана компетенциясы боюнча тийиштүү укук коргоо органдарына же комиссияларга берилет.
Кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ маалыматтар ЫЧКТ жана КР БШКнын жыйындарында угулуп, КР БШКнын сайтына ресстрге жарыяланат.
БШК ЫЧКТ шайлоо процессинин катышуучуларын шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдардын талаптарын сактоого жана бардык шайлоо субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин ѳз ара урматтоого чакырат.



