Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда орун-жайдан тышкары добуш берүү жүрүп жатат

09 сентября 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлооокругунда Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңешинин депутатын кайра шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү жүрүп жатат.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңешинин депутатын кайра шайлоодо 51 УШК ичинен 22 УШКга орун-жайдан тышкары добушберүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнчашайлоочулардан 113 арыз келип түшкѳн.

Алардын ичинен:

7 – карылыгы боюнча;
19-майыптыгы боюнча;
53 – ооруусуна байланыштуу;
34 – айрым категориялар.

Маалымат иретинде: «КыргызРеспубликасынын Президентин жана КыргызРеспубликасынын Жогорку Кеңешининдепутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» КыргызРеспубликасынын конституциялык Мыйзамынын33-беренесине ылайык орун-жайдан тышкарыдобуш берүүгѳ шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок ден соолугунун абалына же майыптыгынабайланыштуу добуш берүү үчүн шайлооучасткасына келе албаган шайлоочулар укуктуу. Ошондой эле:

добуш берген күнү ооруканаларды жаткан, шектелүүчү жана күнѳѳлѳнүүчү катары камакка алынган шайлоочулар;
алыскы жана жетүүсү оор райондордожайгашкан, алыскы мал чараба участкаларындажүргѳн шайлоочулар

Өзгѳчѳ учурларда тийиштүү шайлоокомиссиясынын чечими боюнча:

калктуу конуштан алыс, четте жайгашкан аскер кызматында добуш берген күнү кызмат ѳтѳпжаткан аскер кызматчылары;
добуш берген күнү кызмат аткарып жүргѳнички иштер органдарынын кызматкерлери;
үзгүлтүксүз иштѳѳ циклиндеги ишканалардыиштеген шайлоочулар;
вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күнкалганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жанашайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкарыдобуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуужүзүндөгү кайрылуусунун негизинде ганажүргүзүлөт.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү