КР БШК ЫЧКТ Ленин шайлоо округунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулады

30 августа 2023

Бүгүн 30-августа БШКда Бишкек шаарындагы №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо мыйзамдуулукту сактоо маселеси боюнча Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун (ЫЧКТ) кеңешмеси болуп ѳттү.

Кеңешмеге БШКнын тѳрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров, БШКнын мүчѳсү Алтынбек Кубатбеков, Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокурору Шергазы Кожобердиев, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын ѳкүлдѳрү катышты.

Катышуучулар шайлоолордо мыйзамдуулукту сактоодо мониторингди жүргүзүү жѳнүндѳ, келип түшкѳн билдирүүлѳр жана кабыл алынган чаралар тууралуу чыгып сүйлѳштү.

КР БШК тѳрагасынын орун басары Т. Шайназаров бузуулар жѳнүндѳ келип түшкѳн маалыматтарга ѳз учурунда чара кѳрүү, ошондой эле шайлоонун жүрүшүндѳ мыйзамдар бузулган учурларда кабыл алынган чаралар тууралуу коомчулукка маалымат берүү ЫЧКТнын негизги милдети болуп саналарын белгиледи.

Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокурору Ш. Кожобердиев мыйзамдуулукту сактоо үчүн кѳзѳмѳл жүргүзүү боюнча кѳрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндады. Алсак, Ленин райондук прокуратурасы жергиликтүү мамлекеттик администрацияга добуш берүүдѳ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болушу үчүн участкалык шайлоо комиссияларында панус маселелерин мыйзам номаларына ылайык келтирүү боюнча эскертме бергендигин билдирди. Азыркы учурда пандустарды жакшыртуу жана майыптыгы бар адамдардын шайлоо участкаларына жетүүсү боюнча кырдаал жѳнгѳ салынган.

Ички иштер органдарынын билдирүүсү боюнча, Бишкек шаарынын ИИББде укук коргоо органдарынын ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда кеңешме ѳткѳрүлгѳн, анда Ленин округунда шайлоо учурунда бардык мүмкүн болуучу бузууларга карата ыкчам чара кѳрүүнүн зарылдыгы жѳнүндѳ милдеттер коюлган.

Маалымат чѳйрѳсүнѳ мониторингдин алкагында Ленин райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан «Youtube» маалымат каналында депутаттыкка талапкер Ыргал Кадыралиеванын видеокайрылуусу катталган, ал жерде талапкер Ленин округундагы кайра шайлоодо мыйзамдарды бузуулар улантылып жатат деп билдирген. Бул видеокайрылуу Ленин РИИБ тарабынан Эсепке алуу журналында №02-001-2023-021509 катталып, тергѳѳгѳ чейинки текшерүү башталды.

Кеңешменин соңунда ЫЧКТ катышуучулары шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууга жол бербѳѳнүн жана макулдашылган биргелешкен чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилешти.