КР БШК 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады.

21 августа 2023

Шайлоочулардын контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – СӨМ) тарабынан берилген Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоо участкаларына илинип жана шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталына https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылды.

№ 26 Ленин шайлоо округу боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 127 315, анын ичинен 55 520 эркектер жана 71 795 аялдар же 43,61 % жана 56,39 %.

Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын берилген маалыматтарынын жана шайлоочулардын тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилген арыздарынын негизинде күн сайын жүргүзүлөт.

 

Урматтуу шайлоочулар!

2023-жылдын 25-июлунан тартып 30-августуна чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg.» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 22-сентябрына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, «tizme.gov.kg» сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.