Аднаева Нургул Мажитовна №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталды

17 августа 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-августагы жыйынында 2023-жылдын 10-сентябрында ѳтѳ турган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ мурда арыз берген жаранды каттоо тууралуу маселени карады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо документтерин кабыл алуу жана талапкерлер, саясий партиялар берген маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусу эске алынып, Аднаева Нургул Мажитовнаны № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жѳнүндѳ чечим кабыл алынды.

 

Жыйында ошондой эле №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ыйшарым укуктуу ѳкүлдѳрү тууралуу маселени карады.

 

Алсак, 2023-жылдын 16-августунда депутаттыкка талапкер Токтокучук Мамытов мурда кѳрсѳтүлгѳн шайлоо жана финансы маселери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн чакыртып алуу жана жаңы ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн – шайлоо боюнча Д.М. Алымкуловду, финансы маселелери боюнча Ж.К. Орозбекованы дайындоо тууралуу билдирген.

 

Ушуга байланыштуу жыйында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 11-августундагы № 167 чечими менен катталышкан Т.Б. Мамытовдун ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн – шайлоо боюнча Т.А. Токоевди, финансы маселелери боюнча С.Я. Полякованы каттоону жокко чыгарды.

 

2023-жылдын 16-августунда депутаттыкка талапкер Руслан Тагаев мурда кѳрсѳтүлгѳн финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүн чакыртып алуу жана С.А. Болотакунованы финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл кылып дайындоо тууралуу билдирген.

 

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 9-августундагы № 157 чечими менен катталган финансы маселелери боюнча Р.Т. Тагаевдин ыйгарым укуктуу ѳкүлү В.Ж. Турдакунованын каттоосу жокко чыгарылды.