БШК № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

11 августа 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында 11-августа №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү катталышты.

Ошентип:

1. Тѳмѳндѳгүлѳр №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мамытов Токтокучук Болотбековичтин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү болушту:

- Токоев Токтобек Амалбекович, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү;

- Поляков Семён Яковлевич, финансы маселеси боюнча ыйгарым куктуу ѳкүлү.

2. Абдыкеримов Бакыт Тилебердиевич №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Саралаева Лейли Маратовнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү болду.

3. Сарыгулова Бегайым Карыпбековна №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Субанов Айбека Манасбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү болду.

4. Тѳмѳндѳгүлѳр №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Керимбеков Бакыт Макеновичтин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү болушту:

- Окенаев Абакир Максутбекович, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү;

- Кошбакова Гүлүмкан Нарзуллаевна, финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалганын эске салабыз.