Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ
10 августа 2023
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!
«Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-августундагы
ПЖ №183 Жарлыгы (мындан ары – Жарлык) менен Ысык-Көл облусунун
Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо
2023-жылдын 8-октябрына дайындалды.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ,
18 жашка толгон, шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
Жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тиешелүү айылдык аймактын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктары байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат.
Шайлоочулардын алдын-ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында 2023-жылдын 8-августунда (добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн калганга чейин) шайлоочулар көрсөтүлгөн маалыматтар менен таанышуу жана тактоо үчүн шайлоо участкалары боюнча жайгаштырылган.
Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 4 шайлоо участкасы уюштурулган. 4 УШК боюнча шайлоочулардын жалпы саны 6039 шайлоочуну түзөт.
- эле добуш берүү күнүнө 50 календарлык күн калганда б.а. 2023-жылдын 19-августуна чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет.
Өзүңүз жөнүндө маалыматтарды төмөндөгүлөрдөн тактасаңыз болот:
- 1255 же 119 номерлерине чалуу менен;
- www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында;
- шайлоо участогунда;
- «119» номерине өзүңүздүн ПИН – паспорттогу жеке идентификациялык номериңизди көрсөтүү менен СМС-билдирүү жиберүү аркылуу, Сиз шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыз (СМС-билдирүү жөнөтүү жана телефон чалуу акысыз).
Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2023-жылдын 19-августунан 22-сентябрына чейин (кошуп алганда) КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз, мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
Биометрикалык идентификациядан өтпөгөн жарандар калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарынан (Кыргыз Республикасынын Санарипттик өнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволук түзүм) ушул жол-жободон өтсө болот.
2023-жылдын 19-августунан 22-сентябрына чейин (кошуп алганда) шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик порталдагы «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук форматта дагы арыз менен кайрылууга укуктуу.
Арызды электрондук форматта, «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу www.tizme.gov.kg сайтына, белгиленген тартипте авторлошуудан ѳтүү аркылуу берсе да болот.
Шайлоодо добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эсиңиздерге салабыз.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык шайлоо өткөрүлүп жаткан тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналган жаран жергиликтү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу өкүмү күчүнө киргендиги боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.
Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо мажоритардык система боюнча жүргүзүлөт.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2023-жылдын 19-августуна чейин шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн КР БШКга киргизет.
- мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын санынын болжолдуу бирдейлиги менен (шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 10 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 15 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен) түзүлөт.
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылат.
Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот.
Шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жана ар бир округ боюнча аялдар үчүн резервге алынган мандаттардын саны жөнүндө маалыматтар менен КР БШКнын расмий сайтынан www.shailoo.gov.kg.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү аркылуу жарандарга берилет.
Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге көмөк көрсөтүү максатында КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасын санариптештирүү саясатынын алкагында калыстыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу максатында тадапкерлерди каттоо үчүн «Электрондук талапкер» программасы киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат (паспорттогу маалыматтары (катталгандыгы), КР жарандыгы (СӨМ), соттуулугунун жоктугу (ИИМ), жогорку кесиптик билиминин болушу (ББжИМ) ж.б.).
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерге консультация беришет жана «Электрондук талапкер» программасын пайдаланууга көмөктөшөт.
Сарууайылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана зарыл керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн башталып, шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, б.а. 2023-жылдын
7-сентябрынын саат 24.00 чейин аяктайт.
Документтер кагаз жүзүндө жана электрондук вариантта кабыл алынат.
Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда, б.а. 2023-жылдын 18-сентябрына чейин аяктайт.
Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү 2023-жылдын 18-сентябрынан тартып башталат жана 2023-жылдын 7-октябрында саат 8.00дө токтотулат.
2023-жылдын 8-октябры – добуш берүү күнү.
Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары
2023-жылдын 29-октябрына чейин (добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен) аныкталат.
Айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоодо резервке калтырылган мандаттар алгач башка аял-талапкерлерге караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон аял-талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.
Эгерде шайлоо округунда аял-талапкерлердин саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт.
Үгүт процессине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 2023-жылдын 17-августуна чейин (кошуп алганда) КР БШКга жазуу жүзүндөгү арызын берүү аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан өтүшү керек.
Тиешелүү телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басылманын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери арызы менен бирге эфирдик убакытты, басылма аянтты төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары же маалымат каражаттары, интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы баардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш.
Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.
Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда б.а. 2023-жылдын 18-сентябрында башталат жана 7-октябрында саат 8:00дө аяктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу.
Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
2) шайлоо комиссиясынын протоколдору менен таанышууга;
3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга;
5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.
КР БШК аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнүктүккө жигердүү катышууга, жарандарга шайлоонун жүрүшү жана эрежелери, талапкерлер жөнүндө өз убагында жана ишенимдүү маалымат берип турууга чакырат.
КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу баардык керектүү маалыматты берип турууга даяр экендигин билдирет.
www.shailoo.gov.kg – КР БШКнын расмий сайты,
www.tizme.gov.kg – шайлоочулардын тизмесинин порталы,
www.talapker.shailoo.gov.kg – талапкерлер жөнүндө порталы.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү:
- керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү;
- жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүн үкөк, кабиналар ж.б.), шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле аларды кайтарууну камсыздоо;
- үзгүлтүксүз телефон, интернет байланышы, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо зарыл) жылуулук менен камсыздоо;
- керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү;
- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселелери боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү.
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участогунда басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.
Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү;
- көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.
Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жергиликтүү деңгээлде чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе сиздердин иш-аракеттериңиздерден көз каранды.
Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери.
Аймактык шайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, алар айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо аяктаганга чейин шайлоочулар, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз иштерди уюштуруусу керек. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды камсыздоо – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш!
Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары!
Шайлоо укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл.
КР БШК өз тараптан шайлоо процессинин баардык катышуучулары үчүн ачык иштейт, ачык-айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын негизинде тынч атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн баардык керектүү шарттарды түзөт.
Мамлекет тарабынан талапкерлер жана шайлоочулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Талапкерлер жана шайлоочулар жогорку жарандык жоопкерчиликти көрсөтүп, шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышып, талапкерлер мыйзамсыз аракеттерге (добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу) барбайт деп күтөбүз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен КР БШКга пилоттук режимде дистанциялык добуш берүү, убактылуу регламентациялоо менен жабдуулардын модернизацияланган түрлөрүн колдонуу жана башка зарыл чаралдарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунуш кылынды.
Добуш берүүнүн форматы БШКнын чечими менен аныкталат. Бул маалымат кошумча түрдө шайлоочуларга маалымдалат.
БШКнын маалымат ресурстары
КР БШКнын расмий сайты www.shailoo.gov.kg
www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар жайгаштырылат.
БШКнын Даттануулар жана кайрылуулар реестринде (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/) атайын электрондук ресурсунда шайлоо комиссияларына (КР БШК, ОШК, УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен тааныша аласыз.
БШКнын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары:
-
1255 – кыска номери;
-
0990 02-12-55; 0502 00-12-55 WhatsApp номерлери;
-
0312 62-62-46 – ишеним телефону;
-
kgor_cec@shailoo.gov.kg – электрондук дарек.
0312 66-02-40 – КР БШКнын коомдук кабылдамасы.