Э. Сулайманов Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына киргизилди

07 августа 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 чечимине өзгөртүүлөр киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы №224 чечими менен Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгѳн.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун катчылыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Н. Сулаймановдон

аны Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына киргизүү тууралуу кайрылуусу келип түшкөн.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3,4,8-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 7-августунда кабыл алынган чечими боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Сулайманов Эльдар Нурланович киргизилди.