№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ арыздарды кабыл алуу улантылып жатат

04 августа 2023

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуу үчүн талапкерлерден арыздарды кабыл алуу улантылып жатат, ал 2023-жылдын 10-августун кошуп алганга чейин улантылат.

4-августка карата маалыматтар боюнча, парламенттин депутаттыгына ѳзүн кѳрсѳтүү ниетин 17 талапкер билдирди, алардын ичинен14-эркектер, 3-аялдар болуп саналышат.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-августа депутаттыкка биринчи талапкерлерди: «Эл Үмүтү» саясий партиясынын тѳрагасы Алмаз уулу Аскарды жана аскер пенсионери Токтогул Какчекеевди каттады. Алар бардык зарыл документтердин пакетин тапшырышып, 100 миң сом ѳлчѳмүндѳ шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳштү. Талапкерлерди каттоо 20-августа аяктайт.

Мындан тышкары, КР БШК парламенттин мурдагы депутаты Жаныбек Абировдун талапкер катары документтерин кабыл алуудан жана каттоодон баш тартты.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалгандыгын эске салабыз.

2023-жылдын 28-майындагы мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү