БШК № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

02 августа 2023

2023-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Ошентип:

1. Какчекеев Токтогул – №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер:

шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Эшалиев Сарпек Ажибекович;

 

2. Шаршембиев Бакыт Нурджанович – № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер:

Шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Эшимбеков Бакыт Арстаналыевич;

финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Исагалиев Нурбек Карагулович.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү