КР БШКнын 2023-жылы 28 - июль өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
28 июля 2023
Өткөрүү датасы: 2023-ж. 28-июлу
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2023-жылдын 10-сентябрына белгиленген №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө.
(баянадамачы - Жылкыбаев У.К., КР БШКнын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси).
2. Тогуз-Торо, Ала-Бука, Бакай-Ата, Сокулук, Токмок, Тоң, Нарын жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу. талапкерлерди жана бош калган мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө.
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
- Ар кандай маселелер
