№26 Ленин шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого 730дан ашуун шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү катышууда

28 мая 2023

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары катышууда: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 12 мүчөсү, Ленин округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү (13 адам) жана 51 участкалык шайлоо комиссиясынын 708 мүчөсү.

Шайлоо участкалары добуш берүү үчүн зарыл болгон бардык жабдуулар жана маалыматтык материалдар менен камсыздалган. Шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн талап кылынган шарттардын баары түзүлгөн.


Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоо участогуна келген ар бир жаранга жардам берүүгө ар дайым даяр жана No26 Ленин шайлоо округунун ар бир шайлоочусун шайлоо участокторунда жылуу тосуп алат.

Өзүңүздүн жарандык милдетиңизди аткарыңыз - активдүү болуңуз, добуш бериңиз!

Шайлоо участоктору сиздер үчүн саат 20.00гө чейин ачык.