КР БШКнын 2023-жылы 27 - майда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
27 мая 2023
Өткөрүү датасы: 27 -май 2023-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аттокур уулу Илимбектинишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Буура, Түп жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ар кандай маселелер
Түшкөн маалыматтар, сигналдар жана аларга карата көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат
(баяндамачы – Исмаилова Ч.С., Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун катчысы)