Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Бакир уулу Т. тарабынан үгүт жүргүзүү эрежесин бузгандыгы тууралуу маселени карады
26 мая 2023
2023-жылдын 26-майында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалыматтык жана үгүт жүргүзүү эрежелери маселелери боюнча Жумушчу топтун кароосуна материалдар келип түшкөн.
Алынган материалда көрсөтүлгөндөй, мыйзам талаптарын бузуу менен талапкер Бакир уулу Т.нын үгүт баннери «Азия Молл» соода борборунун дубалына ээсинин макулдугусуз жана ижара келишимин түзбөстөн илинген.
Жумушчу топ маселени карап чыгып, жыйынтыгында талапкер – Бакир уулу Турсунбайды Борбордук шайлоо комиссиясы административдик жоопкерчиликке тартат деген чечим кабыл алды.
Борбордук шайлоо комиссиясы жумушчу топтун маалыматын угуп чыгып, жыйындын жүрүшүндө маселени кароо үчүн материалды БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына No 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши депутаттыгына талапкер Бакир уулу Турсунайды шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесине ылайык жоопко тартуу маселесин карап чыгууга жөнөтүлдү.
Маалымат ирээтинде:
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 65-беренеси:
Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анынөкүлү, ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн шарттарын бузуу, -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.
КР БШКсынын маалымат бөлүмү
