КР БШКнын 2023-жылы 25 - майда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
25 мая 2023
Өткөрүү датасы: 25 - май 2023-ж.
Убактысы: 18:30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакир уулу Турсунбайдын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ленин округдук шайлоо комиссиясынын талапкер У.А. Сариевдин үгүт видео-материалы боюнча маалыматы
(баяндамачы – Жылкыбаев У., БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси)
3. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун маалыматы жөнүндө:
а) “Фейсбук” социалдык тармагында, колдонуучу С.Назаровдун,
Х. Сулайманованын, Д. Ибрагимовдун жана башка колдонуучулардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К. Мадумаровдун жардамчысы З.Шамшидин уулунун жана Жогорку Кеңешинин аппаратынын кызматчылары
А. Бакировдун, С. Бараканованын талапкер А.К. Айтбаевдин үгүт иш чарасына катышкандыгы жана көмөк көрсөткөндүгү тууралуу жарыялоосу боюнча
б) “Фейсбук” социалдык тармагында, колдонуучу С. Назаровдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э. Искаков тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алган деген божомолу тууралуу жарыялоосу жана башка билдирүүлөр тууралуу
(баяндамачы – Исмаилова Ч.С., Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун катчысы)
4. Ар кандай маселелер