Урматтуу Бишкек шаарынын Ленин районунун тургундары, өзүңүздү шайлоо тизмесинен тактаңыз!
13 мая 2023
Урматтуу Бишкек шаарынын № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун шайлоочулары! КР БШК 2023-жылдын 17-майына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактооңузду суранат:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- «tizme.gov.kg» сайтында;
- шайлоо участогунда;
- өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
-
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 17-майына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик «Тизме» порталындагы (tizme.gov.kg) «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.
КР БШК маалымат бѳлүмү
