Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жыйыны
12 мая 2023
БШКда Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун жыйыны болуп өттү 2023-жылдын 11-майында Т.Шайназаровдун жетекчилиги астында Кыргыз Республиканын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун жыйыны болуп өттү. Жыйынга БШК нын мүчөлөлөрү, ИИМ дин өкүлдөрү, анын ичинде ИИМ дин тергөө кызматынын өкүлдөрү, Башкы прокуратуранын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү катышты. Жыйын №26 Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктарды көрүү, шайлоо өткөрүү маалында мыйзамдуулукту жана коопсуздукту сактоодо биргелешип иш алып баруу маселелери талкууланды. Ошондой эле, жыйында шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун айрым маселелери каралды. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28 –майында өтөт.