КР БШКнын 2023-жылы 10 - майда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
10 мая 2023
Өткөрүү датасы: 10 май 2023-ж.
Убактысы: 15:30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Медеров Азамат Медеровичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн муурда шайлоодогу шайлоо бюллетени жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жайыл, Ак-Суу жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакир уулу Турсунбайдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Ар кандай маселелер
