АНОНС: 2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу депутаттыкка талапкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн эсине

04 мая 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылы 6-майда саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында 2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу депутаттыкка талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн окутуу өткөрөт.

Катышуучулар төмөнкү маселелер боюнча маалымат алышат:

  • № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо тартиби;

  • «Электрондук талапкер» тутумуна талапкерлердин маалыматтарын киргизүү тартиби;

  • шайлоо процессинде айкындуулук жана аныктык технологиялары;

  • шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери;

  • депутаттыкка талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу тартиби.

 

Катышуу маселелери боюнча төмөнкү байланыш телефон номуруна чалып, кайрылууну өтүнөбүз: (0312) 66-01-16; 66-02-40.

 

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү