БШК № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
02 мая 2023
2023-жылдын 2-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
Ошентип:
1. Искаков Эртай Дуйшобекович – №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер:
шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Сасыбаева Асылкүл Токуровна;
финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Кенесариева Тамара Абдыкадыровна.
2. Бакир уулу Турсунбай – № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер:
Шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Чоноров Ырысбек Абдыкеримович;
финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Мукулов Эржан Муктарбекович.
