Баткен жана Ош облустарында жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана саясий партиялардын ѳкүлдѳрү, ошондой эле майыптыгы бар жарандар үчүн шайлоо укуктары боюнча бир күндүк тренинг болуп ѳттү

30 апреля 2023

24-апрелден 28-апрелде Баткен жана Ош облустарында жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана саясий партиялардын ѳкүлдѳрү, ошондой эле майыптыгы бар жарандар үчүн шайлоо укуктары боюнча бир күндүк тренинг болуп ѳттү.

Тѳмѳндѳгүлѳр тренингдин максаты болуп саналат:

- майыптыгы бар жарандар үчүн – шайлоо процесстерине катышуусун кеңейтүү, анын ичинде пассивдүү шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу боюнча маалымат алуусун жогорулатуу жана алардын потенциалын арбытуу.

- жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана саясий партиялардын ѳкүлдѳрү үчүн – жеткиликтүү чѳйрѳнү түзүү боюнча потенциалды жогорулатуу, майыптыгы бар жарандардын катышуу маселелери, майыптыгы бар жарандарга карата коомдун кѳңүл буруусу үчүн күч-аракеттерди жакшыртуу, майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууда оң ѳзгѳрүүлѳрдү камсыз кылуу максатында кызматташуу жѳнүндѳ жергиликтүү жамааттын маалымат алуусун жогорулатуу.

Тренингде майыптыгы бар жарандардын ичинен ага катышуучулар ѳлкѳнүн мыйзамдары менен белгиленген майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун атайын чаралары, шайлоо процессинин жалпы жоболору жана эрежелери тууралуу билим алышты.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана саясий партиялардын ѳкүлдѳрү колдоо кѳрсѳтүүнүн, инклюзивдүү чѳйрѳнү камсыз кылууну түшүнѳ билүүнүн, жагымдуу кызматташуунун кѳндүмдѳрү жана ѳзүнүн ишине баа берүүнүн универсалдуу ѳбѳлгѳлѳрү менен таанышты.

Иш-чара майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын планынын жана КР БШКнын, Бишкектеги ОБСЕнин программалык офисинин колдоосунда «Эгль» КФнын «Шайлоо процесстерин жана улуттук демократиялык институттарды бекемдѳѳ» долбоорунун алкагында ѳткѳрүлдү.

Мындай тренингдер 15-майдан тартып 26-майга чейин Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Кѳл облусутарында жана Бишкек шаарында ѳткѳрүлмѳкчү.